"Убакыт берүүнү суранабыз". "Апамдын каттамасында" иштегендер бийликке кайрылды (видео)
Кеминдеги белгилүү "Апамдын каттамасында" иштегендер президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасашты. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда таралууда.
Маалыматка ылайык, буга чейин Транспорт министрлиги кафелер темир жолго жакын жайгашканын, коопсуздук эрежелери сакталбай жатканын билдирген. Ал эми "Темир жол" мекемеси март айына чейин көчкүлө деп мөөнөт берген.
Чогулгандар кафелерди көчүрүүгө макул экенин айтып, бирок убакыт берүүнү суранышкан.
"Мартка чейин берилген мөөнөт өтө аз болуп жатат. Анын үстүнө айыл өкмөт жер да бере элек. Айыл өкмөттөн да дайын жок, андан үмүт кылып атабыз. Күн суук. Ал жакка көчүш үчүн убакыт керек. Азыр бизди алып салса, кредит, ипотекалар бар, аларды кантип төлөйбүз? Ал жакка көчкөндөн кийин суу, электр жарыгын тартыш керек. Күн жылыганча убакыт берсеңер", - деген алардын бири.
Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков бул жерде иштегендерге сентябрь айына чейин мүмкүнчүлүк берүүнү суранган.
"Ал жер темир жолдун аймагы экен. Аларды көчкүлө деп мартка чейин мөөнөт бериптир. Албетте, коопсуздук маселеси бар, бирок Балыкчыга саат сайын эле поезд каттай бербейт. Экинчиден Япония, Кореяда көп кабаттуу үйлөрдүн арасынан өтөт поезддер, бирок эл жашап эле атпайбы. Эгерде мүмкүнчүлүк болсо сентябрга чейин убакыт берсеңиздер, алар сезондо иштеп алышсын", - деген анда Кадырбеков.
Аталган жер даамдуу каттамасы, самоордогу чайы менен белгилүү.
"Апамдын каттамасында" иштегендер бийликке кайрылды

