super.kg logo

Жалпы билим берүү уюмдарында "Англис тили жумалыгы" өтүүдө 

 
Билим берүү жана илим министрлигинин 12-февралдан 19-февралга чейин республиканын бардык билим берүү уюмдарында “Англис тили жумалыгы” жарыялоо жөнүндө буйругу чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери окуучулар арасында конкурстарды, көргөзмөлөрдү, жолугушууларды, конференцияларды уюштуруп, 5-11-класстын окуучулары үчүн “Англис тили эл аралык баарлашуунун тили” аттуу ачык сабактар өткөрүлөт.
Ал эми буйрук окуучулардын англис тилине болгон кызыгуусун арттыруу менен билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында чыккан.
"Англис тили жумалыгынын алкагында “Лингва” коомдук фонду 880 англис тили мугалими жана 400 STEM мугалими катышкан “Жаңы муундагы билим берүү” (Next Generation Education) долбоорунун ачылышын жасайт. Англис тилин, долбоордук иш ыкмаларын жана коммуникативдик методиканы окутууга багытталган долбоордун ачылышы 15-февралда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде болот", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: