super.kg logo

Эмгек министрлиги толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттү

 
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалымдалгандай, электрондук документ жүгүртүүгө өтүү бардык процесстер жана милдеттер электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы (ЭДМС) аркылуу ишке ашырылышын билдирет.
Ага ылайык, бул система мамлекеттик органдарда, жергиликтүү администрацияларда, мамлекеттик ишканаларда жана мекемелерде документтерди алмашууну автоматташтыруу, бардык документтерди электрондук форматка өткөрүү максатында иштелип чыккан.
"Автоматташтырылган маалыматтык системаны (АМС) киргизүү каттарды жана башка кагаз корреспонденцияларды жөнөтүү жана жеткирүү убактысын бир кыйла кыскартты.
Мындан тышкары, аткаруу тартибин жакшыртууга жана документтерди иштеп чыгууну стандартташтырууга мүмкүндүк берди. Электрондук системаны колдонуунун аркасында документтер менен иштөө эффективдүү жана ачык-айкын болуп калды", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: