super.kg logo

Өлкөдөгү бардык мугалимдер ноутбук менен камсыздалат

 

Быйыл 1-сентябрга чейин өлкөдөгү бардык мугалимдер ноутбук берилет. Бул тууралуу "Спутник Кыргызстан" агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева билдирди.

Анын айтымында, ноутбуктарды алуу үчүн өкмөт быйыл бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлдү.

"Учурда бир нече кытай компаниялары менен ноутбуктарды жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Алар өтө жакшы сапатта болот. Ноутбуктарды сатып алууда мугалимдердин иш өзгөчөлүгү эске алынып, экрандын жарыгы, процессордун ылдамдыгы каралат. Техника биринчи кезекте STEM-предметтери (физика, химия, биология, математика, информатика, англис тили) боюнча мугалимдерге берилет. Изилдөөлөр коронавирус пандемиясы учурунда мугалимдердин 60 пайызы өздөрүнө жеке ноутбук же персоналдык компьютер сатып алганы, калган 40 пайызынын техникасы жок экенин көрсөткөн", - Лариса Самыкбаева.

Ноутбуктардын биринчи партиясы ушул жылы апрель-май айларында берилери, калгандары 1-сентябрда алышары кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: