Жамиля Жаманбаева USAID'дин улук глобалдык координатору менен жолугушту





Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен USAID'дин гендердик теңчилик жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери боюнча улук глобалдык координатору Жамиль Бигио сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматтарга караганда, жолугушуу Бишкекте өттү. Ага ошондой эле Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Лиз Зентос жана өлкөдөгү USAID'дин директору Кайя Адамс да катышты.
Тараптар адам укуктары жана эркиндиктерин коргоо жаатындагы актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулашты.
Жолугушуу маалында Акыйкатчы ата-энесинен ажыраган балдардын жеке менчикке карата укуктары бузулуп жатканы тууралуу үрөй учурган фактыларды аныктоо боюнча колдонулуп жаткан чараларды белгилеп өттү. Ошондой эле балдардын жыныстык кол тийбестигине карата укуктарын коргоо боюнча өз ара аракеттенүүнүн, эрте никеге туруудан коргоо механизмдерин күчтөндүрүү маанилүү экенине токтолду.
Акыйкатчы жашы жете элек куракта турмушка чыгууга мажбур болгон аялдардын өзгөчө аялуу болоруна көңүл бурду.
“Эрте никелешүүнүн курмандыктары болгон аялдарга колдоо көрсөтүү зарылдыгы курч болуп турат, анткени алар үй-бүлөлүк зомбулукка кабылышат. Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча арыздарды караган учурда эрте никелешүүгө мажбурлаган фактылар ачыкка чыгарын белгилеп кетсем болот. Мисалы, Акыйкатчы институтуна 23 жаштагы үч баланын энеси кайрылган. Ал зомбулукка кабылганы боюнча арызданган. Аны 15 жашында андан жашы үч эсе улуу кишиге күч менен күйөөгө беришкени белгилүү болду.
Мындай үрөй учурган фактылар бар жана алар аз эмес. Учурда эрте никеге турууга жол бербөө боюнча чараларды кабыл алуунун зарылдыгы бар. Биз аталган маселе боюнча эл аралык тажрыйбаны изилдеп чыгышыбыз керек”, - деди Акыйкатчы.
Андан кийин тараптар адам укуктары менен эркиндиктерин коргоону камсыздаш үчүн өлкөнүн Акыйкатчысынын мандатын күчтөндүрүүнүн маанилүү экенин талкуулашты. Тагыраагы, өлкөнүн Акыйкатчысы жөнүндө жаңы конституциялык мыйзам долбоору тууралуу пикир алышты.
Жаңы ченемдер Акыйкатчынын мандатын күчтөндүрөт - институтттун кызматкерлери балдардын жыныстык кол тийбестиги жөнүндө кылмыш иштери каралып жаткан жабык сот жыйындарына катышууга мүмкүндүк алышат.
“Азыркы учурда Кыргызстандын Кылмыш-процессуалдык кодексине таянышып, институттун кызматкерлерин мындай жыйындарга киргизиштейт. Буга байланыштуу бизде сотто зомбулукка кабылган балдардын укуктарын коргоону камсыздоого мүмкүнчүлүктөр жок. Жаңы мыйзам кабыл алынса биз жабык сот отурумдарын мониторинг кыла алабыз”, - деди Жаманбаева.
Жамиль Бигио Акыйкатчы институтунун Кыргызстандын жарандарынын эркиндиктери менен укуктарын коргоого багытталган күч-аракетин колдоорун баса белгиледи.
“Биз өлкөнүн өкмөтү, тиешелүү ыйгарым укуктуу органдары менен мындан ары кызматташууга жана гендердик теңчилик, социалдык инклюзия боюнча зарыл болгон колдоону көрсөтүүгө даярбыз. Биз ошондой эле Акыйкатчынын жарандык коом менен бийликтин ортосундагы көпүрө болгон аракетин колдоого алабыз”, - деген ал.
