super.kg logo

Жактыбы? Бүгүндөн тарта жаңы 20, 50 жана 100 сомдуктар жүгүртүүгө киргизилди (сүрөт)

 

Өлкөдө бүгүндөн тарта 20, 50 жана 100 сом номиналындагы жаңы банкноталар жүгүртүүгө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мелс Аттокуров "Кабардагы" маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, улуттук валютанын банкнотторун пландуу жаңылоонун алкагында жүрүп, биринчи этап былтыркы жылдын май айында болгон. Анда 200, 500 жана 1 миң сом номиналындагы жаңы банкноттор жүгүртүүгө киргизилген.

"Өлкөнүн жаңы банкноттору жасалма жол менен акча жасоодон талаптагыдай коргоону камсыз кылган, заманбап коргоо элементтеринин үч деңгээлден турган комплексин камтыйт. Банкноталардын негизги түсү, көлөмү жана өлкөнүн тарыхый-маданий мурасын чагылдырган сюжетинин багыты өзгөрүүсүз калды. Ошондой эле алдыңкы бетинде искусство жана маданият өкүлдөрүнүн портреттери сакталды, ал эми арткы бетинде республиканын ажайып кооз жерлери чагылдырылган", - деди Мелс Аттокуров.

Былтыркы жылдагы үлгү боюнча 20, 50 жана 100 сом номиналындагы банкноттордун негизги коргоо элементтери:

  • Суу белгиси ачык түстөн күңүрт түскө өткөн портрет жана номинал түрүндөгү электротип.
  • Коргоо тилкеси үзүк тилке, жарыкка салып кароодо бүтүн тилке сыяктуу (үзгүлтүксүз) чагылып көрүнөт. Анда сандык номинал жана ромб түрүндө Улуттук банктын логотиби камтылган. Банкнотту жантайыңкы алып кароодо ромб фигурасынын чагылышы жана тилкенин кубулуп жатканы көрүнөт.
  • Бири-бирине дал келген сүрөттөлүш банкноттун алдыңкы жана арткы беттериндеги сүрөттөрдүн фрагменттери жарыкка салып кароодо ромб формасын түзөт.
  • Банкнотту кол менен сыдырып көрүүдө анын бетине түшүрүлгөн портреттин, жазуулардын, сан жана тамга түшүрүлгөн номиналдын сүрөттөрүндө рельефти (одуракайлык) сезүүгө болот.
  • Көмүскө сүрөттөлүш банкнотту жантайыңкы алып кароодо сомдун көп түстүү белгиси С пайда болот.
  • Түстөрдүн өзгөрүшү (100 сомдук банкнотто гана) банкнотту жантайыңкы алып кароодо эки шакектин кыймылга келишин, оюу-чийменин (орнаменттин) алтын түстөн жашыл түскө өзгөрүшүн байкоого болот.
  • Жалтырак түс (арткы бетинде) банкноттун номиналы жана Улуттук банктын логотиби түрүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: