super.kg logo

Бишкекте милиция кызматкери сабалган. Шектүү катары үч жигит кармалды

 

Бишкекте милиция кызматкерине каршылык көрсөтүп, аны сабаганга шектүү жигиттер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 11-февралда саат 03:00 чамасында Свердлов РИИБнин аймактык тескөөчүсү нөөмөттө жүрүп, Маяковский көчөсүндө үч жигиттин спирт ичимдиктерин ичип отурушканын байкаган. Андан кийин алар милиция кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына жооп бербей, активдүү каршылык көрсөтүп, милиционерге бир нече жолу сокку урушкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренесине (Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 2000-жылы туулган У.О., 1998-жылы туулган И.С., 2002-жылы туулган С.Б. кармалып, Свердлов райондук сотунун чечими менен 1-тергөө абагына 1 айга камакка алынган.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: