super.kg logo

"Арам иштерге барышат". Депутат 14-февраль сүйүү күнүн жокко чыгарууну сунуштады

 

Кыргызстанда 14-февраль сүйүү күнү майрамдалбашы керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүн, 15-февралдагы жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев айтты.

Депутаттын айтымында 14-февраль сүйүү күнүндө жаштар жаман иштерге барып жатышат.

"Кечээ, 14-февраль күнү Кыргызстаныбызда өмүрү биздин тарыхыбызда болбогон, биздин салтыбызга, наркыбызга туура келбеген сүйүшкөндөр күнү деген майрам болуп өттү. Капа болбоңуздар мен катуу эле айтайын, бул шайтандын майрамы. Канча деген жаштарыбыз арам иштерге, жаман иштерге барышты. Канча деген жигиттерибиздин чөнтөгүнө зыян болду. Сүйүшмөк тургай канчасы кечээ күнү "Эмнеге сен куттуктабадың" деп урушту.

Мына мен 14-февраль 2011-жылы үйлөнгөм. Анда "День валентиндин" "В"сы дагы жок болчу. Биз өкмөт менен биргеликте кыргыздын салтына туура келбеген ушундай чоочун нерселерди жокко чыгарышыбыз керек", - деди ал.






Депутат 14-февраль сүйүү күнүн жокко чыгаруу керектигин айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: