super.kg logo

Камчы Көлбаевдин Нарындагы адамынын Ак-Сай жайлоосундагы жери мамлекетке өттү (фото)

 

Нарындагы "Борбордук Азия аңчылык клубу" жоопкерчилиги чектелген коомунун жерлери курулуш объекттери менен бирге мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндөгү Камчы Көлбаевдин адамдарына тийиштүү болгон "Борбор Азия аңчылык клубу" ЖЧКсынын 76626,4 гектар жер аянты жана 37 миллион сомдон ашык курулуш объектилери мамлекеттин балансына кайтарылган.

Иликтөөдө Камчы Көлбаевдин Р.К. аттуу адамы аталган аңчылык клубдун жер аянтын төмөндөтүлгөн баа менен ээлеп алгандыгы аныкталган.

"Турак жай-коммуналдык чарба инспекциясында катталган материалдарды тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында аталган объект тиешелүү юридикалык жана нотариалдык жол-жоболорду сактоо менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди", -деп айтылат маалыматта.

Ал эми баалоо экспертизасынын жыйынтыгы боюнча "Борбор Азия аңчылык клубу" ЖЧКсынын бардык объектилеринин наркы 37 миллион сомдон ашык экендиги аныкталган.

Учурда бул кылмышка башка адамдардын дагы катыштыгы бар экендигин аныктоо иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: