Ошто Ооган согушунун ардагерлери эскерилди





Советтик Армиянын Ооганстан Демократиялык республикасынан чыгарылгандыгынын 35 жылдыгы белгиленип, Ооган согушунда курман болгондор эскерилип, эстелигине гүл чамбар коюлуп, куран окулду. Бул туурлауу бүгүн, 15-февралда Ош облусунун өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Актан Эралиев, Ош шаардык кеңешинин депутаты Болот Баетов жана Ооган согушунун интернационалист жоокерлери, афган жеринде курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү, шаардын коомчулугу, аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери катышты.
"Өкүлдүн орун басары Ооган согушунда курман болгондордун эрдиктери түбөлүк элдин эсинде экенин жана азыркы күндө облусубуздун аймагында 1016 Ооган согушунун ардагерине мамлекет тарабынан каралган жеңилдиктер өз учурунда берилип келе жаткандыгын баса белгилеп, ардагерлерге куттуктоо сөздөрүн айтты", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 35 жылдыгы облустун баардык райондорунда белгиленди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.