УКМК менен ИИМ бизнесмендерге кайрылды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети менен Ички иштер министрлиги өлкөдөгү ишкерлерге кайрылуу жасады.
Ишкерлерге кайрылуусунда атайын кызмат менен министрлик "отметка" сурап келгендер болсо тезинен кайрылууга чакырды.
"Кимде-ким криминалдык топтор менен тыгыз мамиледе болуп, алар менен бирге бизнес кылып, бизнеси менен бөлүшүп же ай сайын «отметка» кыла турган болушса, анда алар мыйзам чегинде жооп беришет. Эгер кокус эле бизнесмендерден, ресторан ээлеринен, завод-фабрикалардын кожоюндарынан криминалдар «отметка» сурап келе турган болсо, анда дароо КР УКМКга же ИИМге кайрылгыла. Түп тамыры менен жок кылабыз! Мындан ары Кыргызстанда криминалдык топ деген түшүнүк болбойт", - деп жазылат билдирүүдө.
Телефондор: КР УКМК 0312 – 66 – 04 – 75; 62 – 65 – 04.
УКМКнын аймактык башкармалыктары:
Чүй облусу — (0312) 54-07-19;
Жалал-Абад облусу — (03722) 5-60-49;
Ош облусу: — (03222) 2-30-78;
Ысык-Көл облусу — (03922) 5-11-80;
Талас облусу — (03422) 5-20-43;
Нарын облусу — (03522) 5-08-49;
Баткен облусу — (03622) 5-00-33.

