super.kg logo

Бишкекте коомдук транспорттордо көзөмөл күчөтүлөт

 

Бишкекте “Тулпар” системасынын адистери жеңилдетилген карталарды колдонууга активдүү көзөмөл жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, адистер 10 күндүн ичинде борбор калаадагы 2 миңден ашык автобус жана троллейбустарды ийгиликтүү текшерүүдөн өткөрдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 12 жеке менчик жана мектеп карталары мыйзамсыз пайдаланылгандыгы аныкталды.

Белгилей кетсек, мыйзамдарга ылайык, көзөмөлдөөчү кызматкерлер картанын туура эмес пайдаланылганын аныктаса, аны алып коюуга мыйзамдуу укугу бар. Ошондой эле мындай карталар дароо блоктолот.

Ага ылайык, Бишкек мэриясы жүргүнчүлөргө транспортко кирүүдө жол кире акысын төлөп, контролерлор менен түшүнбөстүктөрдү болтурбоо үчүн валидатордогу жашыл белгини күтүү зарылдыгын эскертет.

Киргизилген жаңы тарифке ылайык, автобус жана троллейбустарда жол кире баасы накталай эмес төлөмдөр үчүн 17 сом, накталай төлөмдөр үчүн 20 сом. Накталай акча менен төлөөдө айдоочудан талон берүү талап кылынат, ал жолдун аягына чейин сакталууга тийиш.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: