super.kg logo

Кыргызстанда туулган космонавт Сергей Корсаков "Орусиянын Баатыры" наамын алды

 

Кыргызстанда туулган орусиялык космонавт Сергей Корсаковго "Орусиянын Баатыры" наамы ыйгарылды. Бул тууралуу өлкөнүн РБК басылмасы жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, бул наам ага Владимир Путиндин жарлыгына ылайык берилди.

"Эл аралык космос станциясында узак мөөнөттүү космостук учууда көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы үчүн Орусия Федерациясынын Баатыры наамы ыйгарылсын", - деп айтылат документте.

Космонавт ошону менен катар “Орусиянын учкуч космонавты” ардактуу наамына да татыды.

Сергей Корсаков - Юрий Гагарин атындагы космонавттарды даярдоо борборунун бөлүгүндөгү сыноочу-космонавты. Ал 39 жашта, 1984-жылы Фрунзе (Бишкек) шаарында туулган. Борбор калаадагы №24 А.Токомбаев атындагы мектепте окуган.

Корсаков былтыр жазында Кыргызстанга "Орус үйү" жана калаа мэриясынын чакыруусу менен “Жылдыздарга жол Бишкектен башталат” аттуу фестивалга келип кеткен. Ал анда өлкө башчысы Садыр Жапаров менен да жолугушуп, ага космоско алып барып келген Кыргызстандын желегин белек кылган. Мындан тышкары, космостон тартылган, анын ичинде Ысык-Көлдүн сүрөттөрүн тапшырган.

2022-жылы ал "Союз МС-21" космос кораблинин бортунан кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен, бишкектиктерди шаар күнү менен куттуктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: