Баткендин Раззаков шаарында кыргыз тилинде жазылбаган көрнөк-жарнактар алынууда




Баткендин Раззаков шаарында көрнөк-жарнактар кыргыз тилинде гана жазылат. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Лейлек районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы жергиликтүү аймактын мэриясы менен биргеликте Раззаков шаар аймагында соода түйүндөрүндөгү мамлекеттик тил эрежелери сакталбаган, кыргыз тилинде туура эмес жазылган көрнөк-жарнактары иретке келтирүү аракеттерин көрдү.
"Соода жайларындагы көрнөк-жарнактар “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнама жөнүндө” мыйзамдын талаптарына жооп бербегендиги үчүн жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бир катар эскертүүлөр берилди", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.