super.kg logo

"Кумтөр Голд Компани" алтынды жер астынан казууга өттү

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев "Кумтөр" кенинде алтынды жер астынан казып алуу долбоорунун башталышына старт берди. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, жаңы ыкма менен иштөөгө онлайн старт берилген.

Анда Касымалиев кенди казуунун мындай ыкмасы алтын өндүрүүнү көбөйтүүгө, ошондой эле экологияга, анын ичинде мөңгүлөргө тийгизген терс таасирин азайтаарын белгилеген.

Ал эми "Кумтөр Голд Компанинин" президенти Алмазбек Барыктабасов алтынды жер астынан казып алуу боюнча адистер тарабынан иштелип чыккан техникалык-экономикалык негиздеме анын экономикалык натыйжалуулугун көрсөтүп турарын билдирген.

Ошондой эле маалыматта жер астынан казуу ыкмасын колдонуу менен 115 тонна алтын алууга болору айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: