Бишкектеги атайын оорукананын жандандыруу бөлүмү капиталдык оңдоодон өттү





Клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, башка бөлүмдөрүндө ремонт иштери башталды. Бул тууралуу Иш башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, элдин ден соолугуна кам көрүү максатында өлкө башчы Садыр Жапаров бир нече тапшырмаларды койгон. Алардын бири президенттин Иш башкармалыгына караштуу оорукананын абалын жакшыртуу.
"Бүгүнкү күндө жандандыруу бөлүмүндө толугу менен каптилалдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, учурда жалпы профилдик бөлүмү оңдолууда. Мындан тышкары оорукананын материалдык-техникалык базасын жаңыртуу иштери уланууда", - деп билдирди Туманбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.