super.kg logo

Румыния атактуу Олимпиада чемпионун Бухарестке киргизбей койду

 

Румыниянын бажы кызматы эркин күрөш боюнча эки жолку Олимпиада чемпиону Абдулрашид Садулаевди өлкөгө киргизбей койду. Мындан улам ал Бухарестте өтүп жаткан Европа чемпиондугуна катыша албай турганын Орусиянын Күрөш федерациясынын президенти Михаил Мамиашвили билдирди.

"Садулаевди Бухаресттин аэропортуна киргизбей коюшкан. Биз Европа чемпионатынын уюштуруу комитетине кайрылдык, бирок алар бажы кызматынын алдында алсыз экен. Садулаевди киргизбөөнү чечкен офицерлердин айтымында, алар балбандын визасынан күмөн санашкан. Бирок бул чечимде кичине кызыкчылык бар. Бул виза менен Румынияга келгенге чейин Садулаев Шенген аймагында, тагыраагы Испанияда болгон, ал жерден Бухарестке учкан. Испанияда ага эч кандай суроо болгон эмес", - деген Мамиашвили.

Румыниянын борборунда 12-18-февраль аралыгында күрөш боюнча Европа чемпионаты өтүп жатат, бүгүн, 16-февралда эркин күрөш боюнча мелдештер башталат.

27 жаштагы Садулаев Рио-де-Жанейро менен Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү. Ал ошондой эле Европанын төрт, Дүйнөнүн беш жолку чемпиону.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: