super.kg logo

"Кыргызавтожол" ишканасы ашуулардагы абал тууралуу маалымат берди

 
Бүгүн, 16-февралга карата "Кыргызавтожол" ишканасы өлкөнүн ашууларындагы жолдордогу абал тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, бардык унаа жолдор ачык, жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери тарабынан нөөмөт бар. Өз убагында жолду кардан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери аткарылып жатат.
- Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат. Каттам ачык. №9 ЖТИ тарабынан дежурство бар.
- Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайында жана Ала-Бел ашуусунда кар жаап жатат, каттам ачык, чектөөлөр жок. №23 ЖТИ кызматкерлери тарабынан дежурство бар.
- Бишкек-Ош унаа жолунун Көк-Бел ашуусунда ала-булут. Каттам ачык. №30 ЖТИ тарабынан дежурство бар.
- Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда кар жаап, шамал жүрүп жатат, жол кыймылына чектөө жок, каттам ачык. №36 ЖТИ тарабынан дежурство бар.
- Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон жана Кызыл-Бел ашууларында кар жаап жатат. Унаа жол ачык, №41 ЖТИ тарабынан дежурство бар.
- Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кубакы ашуусунда күн бүркөк. Каттам ачык. №955 ЖТИ тарабынан дежурство бар.
- Ысык-Көл облусунун Чоң-Ашуу ашуусунда ала-булут, шамал. Учурда ашуу ачык, каттам бар.
- Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун (72-208 км) Сөөк ашуусунда күн бүркөк, шамал. №3 ЖТИ тарабынан дежурство бар.
- Ош облусунун Чыйырчык, Талдык, Тоң-Мурун, Кызыл-Арт ашууларында күн бүркөк, шамал. №960 ЖТИ тарабынан дежурство бар.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: