"1500дөн ашык коомдук транспорт кызмат кылууда". Бишкекте коомдук транспорттор кадимки режимде иштеп жатат

Маалым болгондой, "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын 126 троллейбусу, "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынын 569 автобусу (анын ичинен 4 мектеп), "Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын 286 кичи автобусу, "Эко жүргүнчүлөр жеткизүү" ЖЧКсынан 127 жеке автобус жана "Аламүдүн автотранс" муниципалдык ишканасынан 4 автобус каттамда.
Ага ылайык, шаардын аймагында 671 кичи автобус иштейт.
Белгилей кетсек, муниципалдык коомдук транспорттун иштөө убактысы аба ырайынын шарттарына карабастан өзгөрүүсүз калат.
"Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Коомдук транспорттун иштөөсү боюнча төмөнкү номерлерге кайрылыңыздар:
- Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти: 0312533653;
- "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасы 0550355331;
- "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасы 708 256 087", - деп билдиришти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:55
2025-07-01

17:57
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.