super.kg logo

Баткенде мурда эки жолу соттолгон жаран "марихуана" менен кармалды 

 

Баткенде мурда соттолгон жаран үйүндө баңгизат сактоого шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине түшкөн маалыматтын негизинде Кызыл-Кыя шаарынын 39 жаштагы тургуну Н.Ф.нын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда Н.Ф.нын жашаган турак үйүнөн 178 граммдан ашуун жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылып алынган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, алынган затка тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат баңгизаттын “марихуана” түрү экендиги аныкталып, тергөө иштерин жүрүшүндө Н.Ф. мурда эки жолу сот жообуна тартылгандыгы маалым болду.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: