super.kg logo

УКМК дагы бир мурдагы чиновникти кармады

 

Чүй облусунун Сокулук районундагы "Новопавловка коммуналдык ишканасы" муниципалдык ишканасынын мурдагы жетекчиси тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган ишкананын мурдагы жетекчиси О.С.О. Новопавловка айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, жергиликтүү бюджеттин каражатын өзүлөрүнө ыйгарып алуу боюнча коррупциялык схема түзүшкөн.

"Аталган коррупциялык схемада айрым ЖЧКлар менен келишим түзүлүп, алар менен курулуш жана электр монтаждоо иштерин аткаруу, курулушка керек болгон материалдарды жеткирүү сыяктуу жалган келишим түзүлүп, анын алкагында ЖЧК тарабынан акча каражаттары накталай берилип, бирок иш жүзүндө жасалган курулуш иштерине "Новопавловка коммуналдык ишканасы" МИнин жумушчулары тарабынан аткарылып, ошол эле учурда накталай акчанын 10 пайызы ЖЧКнын жетекчилерине акчаны адалдоо боюнча кызмат көрсөтүү үчүн которулган.

Ошондой эле ишкерлер менен "Новопавловка коммуналдык ишканасы" МИнин ортосунда түзүлгөн келишимдерде, аткарылган иштердин актыларында жана кассалык-чыгаша ордерлеринде жасалма кол коюу фактылары болгон", - деп айтылат маалыматта.

Бул фактылар боюнча аудитордук текшерүү демилгеленип, анын жыйынтыгында 90 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталган.

Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, О.С.О. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: