super.kg logo

Акыйкатчынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ардактуу эс алууга чыкты

 

Акыйкатчынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шанбетали Касымов ардактуу эс алууга чыкты. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Шанбетали Касымов Акыйкатчы институтунда 2014-жылдан 2024-жылга чейин, 10 жыл Акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенди. Мындан тышкары ал ички иштер органдарында 33 жыл ар кандай кызматтарда иштеп келген.

Институттун борбордук аппаратында Шанбетали Касымовду салтанаттуу азем менен ардактуу эс алууга узатышты. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева адам укуктары менен эркиндиктерине кошкон салымы үчүн Шанбетали Касымовго чын дилден ыраазычылык билдирди.

“Биз сиздин кесипкөйлүгүңүз менен кайратмандыгыңызды жогору баалайбыз жана жаш муундарга ар дайым үлгү катары көрсөтөбүз. Жамааттын атынан мыкты ишиңиз үчүн ыраазычылык билдирем жана чың ден соолук, жакшылыктарды каалайм”, — деп айтты акыйкатчы.

Андан кийин Акыйкатчы Шанбетали Касымовго эстелик белектерди тапшырды. Анын жасаган эмгегин сыйлаган кесиптештери кол чаап узатышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: