Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолу жабылды

Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-февралда эртең менен саат 11:30 чамасында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 101-102 чакырым бөлүгүнө кар көчкү түшкөн. Учурда №27 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазаланып жатат. Көчкүнүн көлөмү 2350 метр кубду түзөт. Ага байланыштуу каттам убактылуу токтотулду.
Белгилей кетсек, бүгүн, 16-февралда эртең менен саат 9:30дан баштап аба ырайынын шарттарына байланыштуу, жолду көчкүдөн жана кардан тазалоо жумуштарын аткаруу үчүн Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 38-101 чакырым аралыгындагы Чапчыма ашуусу жана Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 0-4 чакырым аралыгы убактылуу жабылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.