super.kg logo

ТИМ кыргызстандыктардан унаа менен Казакстан жана Орусияга барбай турууну суранды

 

Коңшу Казакстандагы аба ырайынын начарлашына байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Кыргыз жарандарына Казакстанга, ошондой эле Орусияга автомобиль жолдору боюнча баруудан убактылуу баш тартууну сунуштайт.

"Казакстан сегментиндеги жалпыга маалымдоо каражаттарында таратылган маалыматка ылайык, республикалык маанидеги автожолдордун 100 участкасында 16 облуста транспорт кыймылына чектөө киргизилди. Абай, Акмола, Актобе, Алматы, Атырау, Чыгыш Казакстан, Жамбыл, Жетисуу, Батыш Казакстан, Караганда, Костанай, Кызылорда, Павлодар, Түндүк Казакстан, Туркестан жана Улытау облустарында жолдор жабык", - деп билдиришти министрликтен.

Министрлик Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тиешелүү түзүмдүк бөлүмү менен биргеликте мекендештерибиздин абалын көзөмөлдөп турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: