Жалал-Абадда диний-экстремисттик уюмдардын материалын таратканга шектүү кармалды

Маалыматка караганда, 26-январда Жалал-Абад ШИИБине шаар аймагында Х.Д. аттуу жаран интернет тармагында өз аккаунту аркылуу тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын биринин материалдарын таратып жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесине (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 16-февралда Сузак районунун тургуну 1994-жылы туулган Х.Д. кармалып, андан тиешелүү далил буюмдар алынган.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.