super.kg logo

Борбор калаада коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат

 

Бишкек шаарында муниципалдык коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, бүгүн, 16-февралда эртең менен "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын 126 троллейбусу, "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынын 569 автобусу (анын ичинен 4 мектеп), "Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын 286 кичи автобусу, "Эко жүргүнчүлөр жеткизүү" ЖЧКсынан 127 жеке автобус жана "Аламүдүн автотранс" муниципалдык ишканасынан 4 автобус каттамга чыккан.

Белгилүү болгондой, шаардын аймагында 671 кичи автобус иштейт.

Белгилей кетсек, муниципалдык коомдук транспорттун иштөө убактысы аба ырайынын шарттарына карабастан өзгөрүүсүз калат.

Коомдук транспорттун иштөөсү боюнча төмөнкү номерлерге кайрылууга болот:
- Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти: 0312533653;
- "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасы 0550355331;
- "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасы 708 256 087.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: