super.kg logo

Калкты каттоо департаментинде системалуу түрдө мыйзамсыз акча жыйноо фактысы аныкталды

 

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинде системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Кабарлангандай, атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Калктты каттоо департаментинин 06-04 аймактар аралык бөлүмүндөгү (Ош областы, Кара-Суу району, жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмү) кызмат адамы тарабынан системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды.

Тактап айтканда, Кара-Суу райондук Жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн кызматкери С.З. калкты каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн жарандардан системалуу түрдө акча каражатын чогултуп келгендиги такталган.

Аталган факты боюнча атайын кызмат тарабынан кылмыш иши козголуп, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") каралган кылмыш белгилери боюнча айып тагылды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: