"25 градус суук болот". Эртеңки күнгө карата аба ырайы

Эртең, 18-февралда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунда жаан-чачын болбойт. Айрым жерлерде туман түшөт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -4…-9 градус,
Талас жергесинде түнкүсүн -20…-25, күндүз -5…-10 даража болсо,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1ге чейин жетет.
Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7,
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн -6…-21, күндүз -3…-8.
Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, туман түшүшү мүнкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -18…-20, күндүз -4…-6 градус.
