Баткенде үй чарбалар толугу менен "Санарип аймак" программасына катталды

"Санарип аймак" программасынын негизинде Баткен облусунун айыл өкмөттөрүндөгү чарба китептер электрондук чарба маалымат базасына киргизилүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, облус боюнча 586 миң 148 калк жашаса, санарип аймак тутумуна катталган жарандар 460484 же 78,56 пайыз көрсөткүчтү түзөт. Ал эми жалпы үй-чарбаларынын саны 80 миң 7 болсо, анын баары санарип аймак тутумуна катталып, 100 пайыз көрсөткүчтү түздү.
Бүгүнкү күндө жарандар өзүнө тиешелүү маалым каттарды "Түндүк" системасынан мобилдик тиркеме аркылуу алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, бул аракеттерди жайылтуу боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүрүүдө.
Ошондой эле электрондук иш кагаздарды жүгүртүү системасы боюнча райондук мамлекеттик администрациялар, мэрия жана 31 айыл өкмөттөрү "ИнфоДокс" электрондук иш кагаздарын жүгүртүү системасына толук өткөн.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, райондук мамлекеттик администрациялар, шаар мэриялары жана айыл өкмөттөрү автоматташтырылган маалыматтык системасынын Е-кызмат тутумун толук 100 пайыз ишке киргизүү менен аны ийгиликтүү колдонуп келе жатат.
