super.kg logo

Кыргыз өкмөтү социалдык маанилүү азык-түлүктүн баасын кармап туруу боюнча иш-чаралар планын бекитти

 

Министрлер кабинетинин 2024-жылга социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын өсүү темпин кармап туруу боюнча иш-чаралар планы тиркемеге ылайык бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Тескеменин максаты министрлер кабинетинин 2024-жылга социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын өсүү темпин ооздуктоо боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу тескемеси социалдык маанидеги товарларга баанын өсүшүн токтотуп туруу, туруктуулукту жана ички рынокту толтурууну камсыз кылуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү, ошондой эле 2024-жылы социалдык маанилүү товарлардын ата мекендик өндүрүшүн мамлекеттик колдоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинети буга чейин өсүмдүк майына, унга жана буудайга КНСти нөлгө түшүрүү, айрым товарларды (жем, пияз, минералдык жер семирткич ж.б.) экспорттоого чектөөлөрдү киргизүү сыяктуу бааларды турукташтырууга өбөлгө түзгөн чараларды көргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: