super.kg logo

Шашылыш билдирүү! Аба ырайы сууктап, унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 18-февралда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, түндүгүндө -22…-27°, күндүз -7…-12°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -8…-13°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдонунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -16…-21°, күндүз -4…-9°, республиканын тоо этектеринде түнкүсүн -19…-24°, күндүз -9…-14°, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -20…-25°, күндүз -11…-16°, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -28…-33°, күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.

Мындай суук аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138- чакырымында жайгашкан Төө-Ашууда жол тайгак болот.

Ушул эле Бишкек-Ош жолунун 198-260-чакырымындагы Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында,

Суусамыр-Талас-Тараз жолунун 1-14- чакырымындагы Өтмөк ашуусунда,

Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун Чапчыма ашуусунда,

Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 0-3 чакырымында,

Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу авто жолунун 55-115-чакырымында,

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 292-305 чакырымындагы Долон ашуусунда жана 353-357 чакырымындагы Кызыл-Бел ашуусунда,

Казарман-Ак-Тал-Чат жолунун 42-44 -, 60-94-чакырымдарындагы Кара-Гоо ашуусунда,

Ийри-Суу тилкесинде, Арал-Миң-Куш автоунаа жолунун 1-14 чакырымында,

Каракол-Эңилчек жолунун 45-50-, 74-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу белинде,

Барскоон-Ак-Шыйрак жолунун 52-68 чакырымындагы Сөөк ашуусунда,

Түп-Кеген жолунун 51-76-чакырымында,

Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык жолунун 97-98-, 110-136 чакырымында,

Ош-Сары-Таш-Эркештам Талдык ашуусунда жана Сары-Таш-Эркештам жолунун 218-224 чакырымдарындагы Тоң-Мурун ашуусунда кар көчкү түшүп, кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Андыктан унаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбошу шарт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: