super.kg logo

ИИМдин Күзөт кызматынын 58 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү

 

Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын 58 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарада Күзөт кызматына салымын кошуп келген өздүк курамга жана ички иштер органдарында көп жылдар бою эмгегин сиңирген, ардактуу эс алууда жүрсө да салымын кошуп келген кесиптештерин төш белгилер, Ардак грамоталар менен сыйлашты.

ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы Оролбек Акпаров Күзөт кызматынын ардактуу ардагерлерине төш белгилерин тагып жатып, алардын эмгеги үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Күзөт кызматында талыкпай кызмат өтөгөн жалпы өздүк курамды бүгүнкү майрам менен куттуктайм. Ар бириңиздерге чың ден соолук, узун өмүр, бакубат турмуш, иштериңерге ийгиликтерди каалайм!”,- деп куттуктады Акпаров.

Ошондой эле Күзөт кызматынын ардактуу ардагерлери өздүк курамды майрамы менен куттуктап, өлкөнүн коопсуздугун сактоодо мекенге татыктуу кызмат кылууга чакырды.

Мындан тышкары ИИМдин Күзөт кызматынын Борбордук аппаратында сыйлоо аземи болуп, анда эмгеги сиңген кызматкерлерге атайын медалдар жана Ардак грамоталар тапшырылды.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: