super.kg logo

Казакстанда 5 жылдан бери кулчулукта кармалып келген өспүрүмдөр аныкталганы айтылды

 
Казакстандагы балдардын укуктарын коргогон Динара Закиева Улытау аймагында 5 жыл кулчулукта кармалган балдар тууралуу айтып берген. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Закиева 5 жыл бою кулчулукта кармалып турган балдарга жолугуу үчүн Улытау аймагына барганын билдирген.
"Февраль айынын башында облустук прокуратуранын жана камкордукка алуунун мобилдик топторун текшерүүнүн натыйжасында бир үй-бүлөдөн үч бала, тактап айтканда 2018-жылы балдар үйүнөн фостердик үй-бүлө алып кеткен 1 кыз жана 2 эркек бала аныкталган. Алар 14, 12, 8 жашта. Улуулары шаардан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан чарбада мал багууга аргасыз болушкан. Фермада эки үйүр жылкы жана 18 уй болгон", - деген ал.
Ошондой эле фермага барган комиссия мүчөлөрү балдардын жашоо шартынан нес болушканын айткан.
"Алардын денелери көк ала, тырык, арык, ачка. Камкорчу ушунча жыл балдарды кордоп, сабап, кул кылып, 5 жыл балдарга жөлөк пул алып келген. Кыз коллежди бүтүргөн, бирок дээрлик сабакка барган эмес. Экинчи өспүрүм коллежде окуйт. Окуу жайларды текшергенде, алар дайыма ооруп калгандыгы тууралуу маалымкат алып барып жүргөнүн аныкташкан. Камкорчу кызды "эгер арыздансаң, инилериң менен көрүшпөй каласың" деп коркутуп турган", - деген ал.
Закиева облустун акими, прокуратура, Ички иштер министрлиги менен биргеликте иштин бардык жагдайларын иликтеп, керектүү чараларды көрүшкөнүн айтып, бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалып жатканын кошумчалаган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: