Бишкектин жолдорун булгаган бир нече курулуш компанияларына айып салынды (фото)




Бишкекте унаа жолдорун баткак кылгандыгы үчүн төрт курулуш компаниясына протоколдор түзүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Бишкек шаарынын муниципалдык инспекциясы курулуш объектилерине рейд жүргүзгөн. Анда
Токомбаев, 21а/3, Рыскулов көчөсүндө жана Жибек-Жолу проспектисинде мыйзам бузуулар аныкталып, инспекция тарабынан "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 2-беренесинин 177-бөлүгүнө ылайык жалпы суммасы 92 миң сомго төмөнкү компанияларга карата протоколдор түзүлдү:
-ОсОО "Профит-Экспресс";
- ОсОО "Турпан Строй";
- ОсОО "Рояль Констракшн";
- ОсОО "Авангард Стиль".
Белгилей кетсек, курулуш объектилери милдеттүү түрдө автотранспорттун дөңгөлөктөрүн тазалоочу (жууган) пункттар менен жабдылышы керек. Автоунаа кир, булганган дөңгөлөктөрү менен шаардын аймагын топурак жана ылай кылып булгоого тыюу салынат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.