ИИМ жарандарды телефон шылуундарынан сак болууга чакырды
Ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүмдөрүнө жана 102 кызматтарына аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн баштап телефондук алдамчылык фактылары боюнча билдирүүлөр түшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда ИИМден билдиришти.
Маалым боолгондой, ИИМдин тийиштүү кызматтары ал кайрылууларды каттоого алып, алдамчылык аракеттерге катыштыгы бар адамдарды аныктоого жана кармоого багытталган кеңири ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.
"Телефон шылуундарынын иш-аракеттеринин схемасы жөнөкөй эле. Жарандардын телефон номерлерине шылуундар байланышка чыгып, туугандары же болбосо күч органдарынын, саламаттыкты сактоо, куткаруучу кызматтардын кызматкерлери болорун айтып, кырсыкка учураганын (жол кырсыктары) тууралуу кабарлап, курьерлер аркылуу акча жөнөтүүнү талап кылышкан. Жабыр тарткан жарандардын арасында, чалгандардын көрсөтмөсү боюнча, шылуундар жиберген курьердик кызматтар аркылуу акча каражаттарын жөнөткөндөр дагы бар", - деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, милиция жарандардан мындай мүнөздөгү чалуулар келип түшкөн учурда сак болууну, кабарды өзүңүз так текшерип, жакындарыңыз менен байланышып тактоону сунуштайт.
Чалган шылуундардын талаптарын аткарууга шашпай, күнү-түнү 102 кыска номери жана милициянын нөөмөт бөлүмдөрүнө токтоосуз кабарлоого болот.
