super.kg logo

Өлкөдө биринчи жолу жумушчу кесиптердин улуттук чемпионаты өтөт

 

Эртең, 20-февралда кесиптик лицейлердин жана колледждердин окуучулары арасында WorldSkills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин улуттук чемпионатынын ачылыш аземи өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө биринчи жолу өтүп жаткан жумушчу кесиптердин улуттук чемпионатынын салтанатына Жогорку Кеңештин депутаттары, билим берүү жана илим министри, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана ири компаниялардын өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

"Чемпионаттын аймактык турунда жеңишке жеткен студенттер 20-февралдан 22-февралга чейин ширетүүчүлүк, ашпозчулук жана мода технологиясы боюнча өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Улуттук турдун жеңүүчүлөрү баалуу сыйлыктар менен сыйланат жана ушул жылдын 10-15-сентябрында Франциянын Лион шаарында өтө турган эл аралык чемпионатка катышат", - деп айтылат билдирүүдө.

Маалымат үчүн: WorldSkills – бул эл аралык коммерциялык эмес ассоциация, анын максаты жумушчу кесиптерди жайылтуу, кесиптик даярдоонун жана квалификациянын статусун жана стандарттарын жогорулатуу.

Өлкөдөгү WorldSkills мелдештеринин уюштуруучулары - Билим берүү жана илим министрлиги, “КАСЕФ” коомдук фонду, ал эми өнөктөштөр – Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Секторду өнүктүрүү программасы: "Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоору жана “Айко-Сейко” ЖЧК.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: