super.kg logo

Камчыбек Ташиев: "Футболго жетиштүү каражат бөлүнүп, колдоого алынат"

 

Бүгүн, 19-февралда Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланган Камчыбек Ташиев КФСтин конгрессинде сөз сүйлөдү.

Ал талапкерлигин колдогондорго ыраазычылык билдирип, аталган союздун жаңы президенти катары милдетин айтты.

"Футбол дүйнөдөгү эң популярдуу спорт гана эмес, өлкөнүн имидждик көрсөткүчтөрүнүн бири. Бул спорт мамлекеттин эл аралык статусун аныктап, анын кадыр-баркына чоң таасир этет. Ошондуктан көптөгөн өлкөнүн жетекчилери футболду өнүктүрүүгө көңүл бурушат. Биздин өлкө башчыбыз ата мекендик футболго көз салып, аны өнүктүрүү боюнча демилгелерди ар тараптуу колдоп келет. Футболдогу соңку окуяларды баамдап турган мамлекет башчыбыз өз тынчсыздануусун билдирип, күчөтүлгөн колдоо көрсөтүүнү чечти. КФСтин жетекчилиги менен бир нече жолку жолугушууда маселелер боюнча ой-пикир алмашып, футболдун көйгөйүн белгиледик. Бүгүнкү күндө ата мекендик футбол өзүнүн өнүгүшүнүн маанилүү баскычында турат. Буга чейин футболго мамлекет тарабынан көңүл бурулган эмес, бирок үстүбүздөгү жылдан тарта жетиштүү каражат бөлүнүп, колдоого алынат.

Биздин иш-аракеттерибиз заматта жемишин бербей турганын түшүнүү зарыл. Убакыт керек. Алдыбызда кадр маселеси турат. Машыктыруучулар менен калыстар жана футболдогу башка адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн көптөгөн иш-аракет жасоого милдеттүүбүз. Өлкөнүн бардык райондорунда техникалык базаны бекемдөө боюнча иштер күчөтүлүп, стадион менен машыгуу борборлорун куруу жана реконструкциялоо боюнча иштер жүрөт. Жаңы президент катары менин милдетим - биздин ишмердүүлүккө керектүү шарттарды камсыз кылуу. Биздин моюнубузда чоң жоопкерчилик жана милдеттер бар. Андыктан ошолорду ишке ашыруу үчүн биринчи кезекте футбол үй-бүлөсү ичинде ынтымакты бекемдөө керек",- деди ал.

Эске салсак, КФСтин мурдагы президенти Медер Сыдыков 29-январда Кыргызстандын курама командасы Катарда өткөн Азия Кубогунан четтетилгенден кийин кызматтан кеткенин билдирген.






19.02.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: