Камчыбек Ташиев: "Футбол боюнча коңшу өлкөлөрдөн артта калдык. Аларга жетүүбүз керек"
Кыргызстан Азия өлкөлөр арсында футбол боюнча акыркы орунда калды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев КФСтин конгрессинде билдирди.
"Биз азыркы учурда Азия өлкөлөр арсында футбол боюнча акыркы орунда калдык. Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Түкменстан булардын бары алдыга кетти. Бир гана биз кыргыздар артта калдык. Ошондуктан аларга жетүү үчүн кандайдыр бир чараларды көрүшүбүз керек", - деди Камчыбек Ташиев.
Ошондой эле ал кыз-келиндер арасындагы футболго дагы көңүл буруу керектигин кошумчалады.
"Биздин кыз-келиндер арасындагы футболубуз дагы өнүгүү керек, алар дагы футбол менен машыгышы зарыл. Биз аларга шарт түзүп берип, колдошубуз абзел. Анан алар дагы биздин балдар сыяктуу футболду көтөрүшөт",- дейт Футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев.
Эске салсак, бүгүн, 19-февралда Кыргыз футбол союзунун президенти болуп Камчыбек Ташиев шайланды.
Камчыбек Ташиев: "Футболдон коңшу өлкөлөрдөн артта калдык, аларга жетишибиз керек"

