"Өсүш жок". Каныбек Османалиев кайсы министрлик кыргыз тил боюнча артта калганын айтты
Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жана тил саясаты жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышын карады.
Анда Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүүнү активдештирүү боюнча отчёт берди.
“2023-жылы Президенттик администрация иш кагаздарынын 53 пайыз кыргыз тилинде жүргүздү. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 9 пайызга өстү. Эң көп 82 пайыз Жогорку Кеңеш. Жогорку сот 42 пайыз", - деди ал.
Мындан тышкары министрликтердин көрсөткүчүнө токтолуп, Коргоо министрлигинде өсүш жок экенин белгиледи.
"Транспорт министрлигинде 23 пайыз өсүш бар. Билим берүү министрлигинде 48 пайыз, өсүшү 15 пайыз.. Тилекке каршы Коргоо министрлигинде тескерисинче 2 пайыз төмөндөө бар, өсүш жок. Аймактарда да өсүш бар. Чүй облусунда өсүү темпи 17 пайыз. Албетте, Бишкек мэриясы боюнча суроолор бар, бирок 18 пайыз өсүш бар, Ошто абсолюттук көрсөткүчтөр жакшы", - деди Осмоналиев.
