super.kg logo

Башкы прокуратура Караколдогу аскер бөлүктүн жооптуу адамдарын кармады

 

Караколдогу №2028 аскер бөлүгүнүн жооптуу кызмат адамдары камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Аскер прокуратурасы тарабынан кенже сержант Жылдыз Асанакунованын №2028 аскер бөлүгүндөгү жооптуу кызмат адамдарынын бир топ мыйзамсыз аракеттери тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылган видео кайрылуусу боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүдө, Жылдыз Асанакунованын кайрылуусундагы 5 дооматы боюнча мыйзам бузуу фактылары аныкталган.

Аталган фактылар боюнча аскер бөлүктүн жооптуу кызмат адамдарына карата кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык), 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, коротуу) жана 131-беренеси (ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду.

Кылмыш иштин алкагында кылмышка шектүү катары аскер бөлүктүн командири А.Б., анын орун басары Б.К., прапорщик К.К. уулу жана жеке ишкер Т.Е. камакка алынышкан.

Учурда тергөө иштери улантылып, кылмышка тиешеси бар башка адамдар такталууда.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Караколдогу №2028 аскер бөлүгүнүн кызматкери Жылдыз Асанакунованын жоокерлерди сабап, кордоо фактылары тууралуу айткан видео кайрылуусу жарыяланган.

Андан кийин УКМК аскер бөлүгүнө тыкыр текшерүү жүргүзүлүп, Жылдыз Асанакунованын маалыматы тастыкталбаганын билдирген эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: