Байтиктен Кашка-Сууга чейин 14 чакырым веложол курулат
Чүй облусунда узундугу 14 чакырымды түзгөн велосипед тепкендерге атайын жол курулат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, веложол Байтик айылынын аркасынан баштап, "Байтик" тоо курортуна чейин барат.
"Велосипед жолу салына турган азыркы жол алты чакырымга созулат. Анын ичинен 350 метри кайра курулат. Ала-Арча дарыясына эки көпүрө курулат, анын бири мурдагы көпүрөнүн ордуна, экинчиси жаңы жерде курулат. Аларда велосипедчилер үчүн жол да бар. Долбоордо унаа жана велосипед токтотуучу жайлар каралган", - деп айтылат маалыматта.
Курулуш иштери жазында башталары күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:28
2025-07-03

9:37
2025-07-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.