ФИФА өкүлдөрү Камчыбек Ташиевди куттукташты
Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев Эл аралык футбол ассоциациясынын (ФИФА) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
ФИФАдан жыйынга ФИФАнын аймактык ассоциациясынын өнүктүрүү боюнча менеджери Андрей Вашкевич жана ФИФАнын башкаруу кызматынын улук менеджери Ахмед Харраз катышты.
ФИФА өкүлдөрү Кыргыз футбол союзунун президентин жана вице-президентин шайланышы жана Кыргызстандын футбол союзунун уставынын бардык нормаларына ылайык өткөн кезексиз Конгресстин ийгиликтүү өтүшү менен куттукташты.
"Тараптар өлкөдөгү футболду өнүктүрүү боюнча пикир алышты. Мындан тышкары, КФСнин лидерлери ФИФАга уюмдун бүткүл ишмердүүлүгүндө көрсөткөн ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришти", - деп жазылат билдирүүдө.
