Салык кызматы: "138 миң 652 бөтөлкө алкоголдук ичимдиктери мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды"
Өлкө аймагында былтыр мыйзамсыз жүгүртүүдөн 138 миң 652 бөтөлкө алкоголдук ичимдиктер алынган. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Салык кызматынан билдирди.
Ага ылайык, мамлекеттик бюджетке 3 миллиард 741 миллион сомдон ашык каражат түшкөн. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 84 пайызга көп болгон.
Мындан тышкары, 2023-жылдын 1-январынан тартып сыра продукциясына болгон акциз салыгынынан түшүүлөр 1 миллиард 64 миллион сомду түзүп, 2022-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 114 пайызга көп болгон.
"Акциздик маркалары жок же жасалма акциздик маркалары бар алкоголдук продукцияларды жүгүртүү үчүн 65 миң сом айып пул салынат. Эгер 500дөн ашык продукцияны жүгүртүүгө чыгарса, 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Салык кызматы ишкерлерди акциздик продукцияны акциздик маркасыз сатпоого жана акциздик марканын аныктыгын жана продукцияга шайкештигин кылдат текшерип турууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.