Ош-Баткен-Раззаков жолунда атайын техниканын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Каза болгондор бар




Ош – Баткен — Разаков унаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 20-февралда катталып, Ош-Баткен-Раззаков жолунда орун алган. Анда кум, туз сээп жаткан Транспорт министрлигинин унаасын Chevrolet үлгүсүндөгү жеңил автоунаа катуу ылдамдык менен артынан келип сүзгөн. Жеңил автоунаада Өзбекстандын номери тагылганы айтылат.
Алдын ала маалымат боюнча, жеңил унаанын айдоочусу рулда уктап кеткени айтылды. Тилекке каршы, жол апатынын кесепетинен жүргүнчү аялдардын бири каза болду.
Ал эми жол тейлөө ишканасынын кызматкерлеринин арасында жабыркагандар жок экендиги кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.