super.kg logo

Бишкекте жер мунапысына кирген турак жайларга арыздарды кабыл алуу уланууда

 

Бишкек шаарында жер мунапысына кирген турак жайларга арыздарды кабыл алуу улантылууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.

Ага ылайык, учурда Биринчи май районундагы жарандардын тизмеси такталды. Калган райондор боюнча да тактоо жүргүзүлүүдө.

Турак жайына же жер тилкесине жеке менчик укугун алууну каалагандар Туңгуч кичи району, 57 дарегиндеги Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментине күн сайын иш убактысында кайрылса болот.

Арызды тапшыруу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

  • арыз ээсинин — жеке жактын өздүгүн ырастоочу документтердин көчүрмөсү же юридикалык жактын каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • жер тилкесине укук белгилөөчү документтердин көчүрмөсү (бар болсо);
  • техникалык паспорттун көчүрмөлөрү;
  • нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн өкүлдөрдүн ишеним каты;
  • жерди же турак жайды сатып алганын далилдеген документтер (бар болсо);
  • коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдүн дүмүрчөктөрү;
  • жер салыгын төлөгөндүгү жөнүндө дүмүрчөктөр;
  • ишеним каттар жана башка тиешелүү документтер.

Байланыш телефондору: 0312 979297, 0312 97 94 54.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: