super.kg logo

ИИМ дагы бир жолу кыргызстандыктардан алыс жолго чыкпай турууну суранды

 
Аба ырайынын туруксуз шарттарына байланыштуу Ички иштер министрлиги айдоочуларды жолдо жүрүүдө этият болууга, ылдамдыкты азайтууга, каптал аралыгын жана аралыкты узартууга чакырды.
Айдоочулардын коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн Бишкек-Ош унаа жолунун боюндагы “Сосновка” жана “Чычкан” постторунда, Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында 500 метр аралыкка чектөөлөр киргизилди. Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан кар тазалоочу техникаларга да жардам көрсөтүлүп, жолдун кооптуу тилкелериндеги кыймылды жарым-жартылай жаап жатышат.
"Урматтуу айдоочулар! Аба ырайынын туруксуз шарттарына көңүл буруңуз. Коопсуздугуңуз үчүн узак сапарга чыгуудан убактылуу баш тартууну сунуштайбыз. Учурда Каракол-Эңилчек автожолу 20-февралга чейин жабылды. Ошондой эле Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45 чакырымынан 130 чакырымына чейинки тилкелеринде убактылуу чектөөлөр киргизилди", - деп билдиришти ИИМден.
ИИМ дагы бир жолу тоолуу райондордон жана ашуулардан өткөн айдоочуларды күрөктөр менен кар чынжырларын алып жүрүүгө, жол эрежелерин так сактоого, тактап айтканда каршы тилкеге чыкпоого жана кар тазалоочу техниканын ишине тоскоол болбоого чакырат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: