super.kg logo

Шакиев WorldSkills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин улуттук чемпионатынын ачылыш аземине катышты

 

Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев WorldSkills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин улуттук чемпионатынын ачылыш аземине катышты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, ширетүүчүлүк, ашпозчулук жана мода технологиясы боюнча кесиптик лицейлерде жана колледждерде окуган окуучулар арасында өтө турган сынак эки күнгө созулат. Сынактын жеңүүчүлөрү сентябрь айында Франциянын Лион шаарында өтө турган эл аралык мелдешке катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Белгилей кетсек, WorldSkills International – эл аралык ассоциация катары жумушчу кесиптерди өнүктүрүү, кесиптик даярдоонун макамын жогорулатуу максатында бүткүл дүйнө боюнча эл аралык мелдештерди өткөрүп келет. Аталган мелдешке быйыл Кыргызстан алгач ирет катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: