super.kg logo

Милиция кызматкери эл аралык баңги каналын уюштурганга шектелип кармалды

 

Эл аралык баңги каналын (Тажикстан - Кыргызстан - Өзбекстан) уюштурган деген шек менен ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын кызматкери жана анын шериги делген жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун тургуну жана милиция кызматкери чет өлкөлөрдөн баңги каражаттарын өлкө аймагы аркылуу үчүнчү өлкөгө сатуу жана өткөрүү каналын уюштурушканы аныкталган.

Шектүүнүн бири 12-февралда "Баткен-Ош" унаа жолунда атайын операцияда кармалып, тинтүү учурунда салмагы 3 килограмм 996,7 граммды түзгөн ооган "чарс" баңгизаты табылган. Атайын кызмат анын баасы 1 миллион 800 миң сомду түзөрүн билдирди.

Кийинчерээк, бул кылмышка шектүү катары Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери - милициянын лейтенанты колго түшкөн. Анын малекеттик чек ара аркылуу баңги каражаттары ташыган транспорт каражатын өткөрүүгө көмөк көрсөткөнү аныкталаган.

Шектүүлөр Ош шаардык сотунун 17-февралдагы чечими менен УКМКнын тергөө абагына 5-мартка чейин камалган.

Учурда тергөө иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: