Шахмат боюнча Кыргызстан жаштар курама командасы жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна катышууда
Шахмат боюнча Кыргызстан жаштар курама командасы Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна катышууда. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, 18-декабрда Аль-Айн шаарында старт алган Дүйнө чемпиондугуна 120 мамлекеттен 1850 спортчу катышууда. Чемпионду аныктоо үчүн оюнчулар 11 турдан ойноп чыгышат. Мелдеш 28-декабрда жыйынтыкталат.
Белгилүү болгондой, бул мелдешке Кыргызстандын желеги астында 19 шахматчы катышууда. Алардын 13ү жаш балдар болсо, 6сы кыздар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.