super.kg logo

Ысык-Көлдө 16 жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган жаран кайра кармалды. Окуянын чоо-жайы

 
Ысык-Көлдө мурда 16 жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган жаран алдамчылыкка шектелип кайра кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Каракол ШИИБге 25 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Ал былтыр ноябрь айында Нурбек аттуу чала таанышы унаасын оңдотуп берүү убадасы менен 50 миң сом жана "Кумтөргө" жумушка орношууга жардам берүү үчүн дагы 50 миң сом алып, из жашырып кеткенин айткан.
Мындан тышкары шаардык милицияга 24 жаштагы тургун дагы арыз менен кайрылган. Ал былтыр сентябрь айында Нурбек аттуу жаран айдоочулук күбөлүк алууга жардам берем деген убада менен 29 миң сом алганын жана ушул күнгө чейин байланышка чыкпаганын билдирген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жазык кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Каракол шаарынын 37 жаштагы тургуну Ш.Н. кармалып, шаардык соттун чечими менен бир айга камакка алынган.
"Ал 2020-2022-жылдар аралыгында ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн 16 жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Козголгон бардык кылмыш иштери боюнча бардык зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, соттун кароосуна жиберилген. Бирок мурда эркинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды алган шектүү Ш.Н. тиешелүү тыянак чыгарбастан, кайрадан кылмыш жолуна түшкөн", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: